Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 31-декабры № 527-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 443 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын 3.1.1-пунктун ишке ашыруунун чегинде:
1. Аялдарга карата зомбулук үчүн жоопкерчиликти караштырган мыйзамдык нормалардын натыйжалуулугуна баа берүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссиянын алдында анын төрагасынын чечими менен жумушчу топторду түзүү жана анын ишине белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана кеңешчилерди тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Комиссия министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынан жана башка мамлекеттик органдардан керектүү маалымдарды жана маалыматтык материалдарды суроого укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Комиссия аялдарга карата зомбулук үчүн жоопкерчиликти караштырган ченемдерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
5. Комиссиянын ишин уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 527-б буйругуна тиркеме |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Султаналиев Нурлан Туруспекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун аппарат жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сарбашова Гүлмира Атантаевна | - | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын үй-бүлөдөгү зомбулуктан жана гендердик басмырлоодон коргоо бөлүмүнүн башчысы; |
Касымбеков Баисбек Касымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Күйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Майкөзов Касымбек Асыпбекович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Нуралиев Марат Абдыкеримович | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Калиев Марат Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Мукашев Данияр Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; |
Осмонова Асел Сайпидиновна | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кеңешчиси. |