Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 31-декабры № 532-б
Тарыхый мекенине туруктуу жашоо үчүн кайтып келген этностук кыргыздардын социалдык-укуктук абалын изилдөө жана мониторинг жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен:
1. Ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2014-жылдын 20-мартына чейин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган этностук кыргыздардын социалдык-укуктук абалына мониторинг жүргүзсүн;
- жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана маалыматтык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине белгиленген тартипте баардык жагынан көмөк көрсөтүшсүн, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин суроо-талабы боюнча зарыл документтерди, маапыматтарды жана маалымдама беришсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 532-б буйругуна тиркеме |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Исаков Бактыбек Ырысбаевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Бакиров Мирлан Исакбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Кадыралиева Ыргал Кармышаковна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Бараканова Салтанат Нурудиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бейшенов Майрамбек Мырзабекович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин кайрылмандар жана качкындар менен иштөө башкармасынын начальниги; |
Чойбеков Кубанычбек Насыбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Куйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Сатыбалдиев Дүйшөн Туйбасович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору; |
Жусубалиев Бактыбек Бейшеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Икрамов Санжар Икрамович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Абжапаров Теңизбек Жусупбекович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Разаков Жеңиш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Эгамбердиева Жумагүл Шариповна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Абдыраимакунова Чынара Тургунбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Ботиков Рыскелди Төрөкулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Бейшенкулов Руслан Фронтбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Кайыкова Роза Жазыбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Салиев Камчыбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси. |