Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2010-жылдын 26-январы № 42
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:
1. 2010-жылдын 28-январы - 4-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниеси өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү, анын ичинде аталган жолугушууга тартылган адамдар тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
3. Аталган заседаниени өткөрүүгө байланышкан чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоого жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
|
| Тиркеме |
Бишкек шаарында кезектеги заседаниеге катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн делегациянын КУРАМЫ
Аламанов С.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн региондук проблемалар секторунун башчысы, делегациянын жетекчиси; |
Цурков В.Е. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезия кызматынын директору, делегациянын жетекчисинин орун басары; |
Асаналиев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси; |
Абдрахманов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн региондук проблемалар секторунун эксперти; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча КМДИнин директору; |
Касымов Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча КМДИнин директорунун биринчи орун басары; |
Катанаев А.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезия кызматынын директорунун орун басары; |
Миңбаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы; |
Сүйөркулов З.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезия кызматынын башкы инженери; |
Камбаралиев К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын башкы оперативдүү башкармалыгынын чек араны сактоо жана коргоо бөлүмүнүн улук офицери; |
Мандычев Н.И. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезия кызматынын экспедициясынын начальниги. |