Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2010-жылдын 26-февралы № 93
1. 2010-жылдын 28-февралынан 6-мартына чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги раунду өткөрүлсүн.
2. Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги раундун өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чегараны делимитациялоого жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
4. Делегация мүчөлөрүнүн сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн барышына байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 26-февралындагы № 93 буйругуна тиркеме |
Аламанов С.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар секторунун башчысы, делегациянын жетекчиси; |
Мамбеталиева Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Асаналиев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси; |
Искандаров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар секторунун эксперти; |
Цурков В.Е. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; |
Кулуев А.Р. | - | Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Алымкожоев А.Т. | - | Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Касымов Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары; |
Юсупов Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Миңбаев А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи секретары; |
Жоробаев Ж.С. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери; |
Камбаралиев Б. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын башкы оперативдүү башкармалыгынын чек араны коргоо жана кайтаруу бөлүмүнун улук офицери; |
Бөрүбаев Н.Н. | - | Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен облустук зоналык борборунун директору; |
Ботобаев К. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк регион боюнча мамлекеттик чек араны делимитациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Санников В.П. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси; |
Бегматаев А.А. | - | жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Чоң-Алай райондук башкармалыгынын начальниги; |
Жалилов А.Ж. | - | жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Лейлек райондук башкармалыгынын начальниги; |
Эргешов А. | - | жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын начальниги. |