Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2011-жылдын 28-мартындагы № 181 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2010-жылдын 16-марты № 112
Аткаруу бийлиги органдарынын ишине баа берүүнүн жаңы методикасын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына карата жалпы талаптарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- № 1 тиркемеге ылайык курамда аткаруу бийлиги органдарынын ишине баа берүүнүн методикасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ;
- № 2 тиркемеге ылайык курамда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына карата жалпы талаптарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ.
2. 2010-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө аткаруу бийлиги органдарынын ишине баа берүү методикасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу методиканын долбоорун Администрациялык реформалар боюнча кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. 2010-жылдын 15-июлуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына карата жалпы талаптарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу жалпы талаптардын долбоорун Администрациялык реформалар боюнча кеңешинин кароосуна киргизсин.
4. Жумушчу топтор белгиленген тартипте өз ишине мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформалардын мониторинги жана талдоо бөлүмүнө жана администрациялык реформаларды изилдөө жана иштеп чыгуу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 16-мартындагы № 112 буйругуна № 1 тиркеме |
Кутманов Б.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформалардын мониторинги жана талдоо бөлүмүнүн башчысы, топтун жетекчиси;
Жураев Б.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформалардын мониторинги жана талдоо бөлүмүнүн эксперти, топтун жетекчисинин орун басары;
Үмөталиев С.Б. - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин мониторинг жана баа берүү кызматынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Алымкулова С.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматынын мамлекеттик кызматты укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Жумалиев К.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматынын мамлекеттик кызмат системасын талдоо, баа берүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Жумагулов А.А. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин уюштуруу иштери жана кадрдык маселелер башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Турдубаева Ч.С. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин топтоо иштери жана маалымат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Орозов М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Башкы аналитикалык башкармалыгынын башкы эксперт-аналитиги (макулдашуу боюнча);
Ли Е.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтунун Экономикалык жана социалдык изилдөөлөр борборунун башкы эксперти (макулдашуу боюнча);
Истамов Б.С. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппаратты каржылоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Стамов Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички аудит бөлүмүнүн башкы адиси;
Касымалиева Г.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин эмгек мамилелери жана эмгек акы төлөө бөлүмүнүн башчысы;
Аманова А.А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин оперативдүү программалар бөлүмүнүн башчысы;
Бабалиева З.З. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу иштерин координациялоо боюнча борборунун башкы адиси;
Сырдыбаев С.М. - Евросоюздун "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты реформалоого көмөк көрсөтүү" долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча);
Третьяков А.В. - "Гуманитардык долбоорлоо институту" коомдук бирикмесинин аналитиги (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын
Вице-премьер-министр -
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси А.Карашев
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 16-мартындагы № 112 буйругуна № 2 тиркеме |
Шадыбеков К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформалар саясатын изилдөө жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
Давлетов Э.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформалар саясатын изилдөө жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн эксперти, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Үмөталиев С.Б. - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин мониторинг жана баа берүү кызматынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Ташбаев И.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформалар саясатын изилдөө жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн эксперти;
Акматкулов А.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматынын мамлекеттик кызматты пландоо жана башкаруу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Плесовских Р.С. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин улуттук эсептер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Разаев М.М. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Истамов Б.С. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппаратты каржылоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Новицкий Н.И. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин тарифтик жөнгө салуу башкармалыгынын тариф саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Абдрахманова Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды иштеп чыгуу боюнча
бөлүмүнүн башчысы;
Горянова О.В. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин мыйзамдарды сактоону камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси;
Асанова Г.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин башкы адиси;
Сасыкбаева Л.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин социалдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн башчысы;
Жусупбеков Б.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин кыймылсыз мүлк рыногун каттоо жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги;
Давлетбаев А.С. - Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин орун басары - уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;
Третьяков А.В. - Гуманитардык өнүктүрүү институтунун эксперти (макулдашуу боюнча);
Мурзаев С.К. - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын доценти (макулдашуу боюнча);
Сырдыбаев С.М. - Евросоюздун "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты реформалоого көмөк көрсөтүү" долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча);
Красин А.Б. - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын
Вице-премьер-министр -
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси А.Карашев