Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2012-жылдын 12-октябрындагы № 786 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 20-сентябры № 433
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобого ылайык:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү болуп кызматтары боюнча төмөнкүлөр бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Шаңхай кызматташуу уюмунда Кыргыз Республикасынан улуттук координатор;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөр департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөр департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ош шаарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.
Премьер-министри | А.Атамбаев |