Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 21-сентябры № 435
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө байланыштуу, ошондой эле аккредиттелген эл аралык байкоочулардын иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана башка башкаруу органдарынын жетекчилери 2011-жылдын 20-октябрынан баштап 2-ноябрына чейин:
- техникалык жактан бузук эмес, КММ менен камсыз кылынган, келген эл аралык байкоочулардын даражасына туура келген кызматтык автотранспортту тиркемеге ылайык бөлүп беришсин;
- эл аралык байкоочуларды тосуп алуу, алар республикада болгон мезгилде коштоп жүрүү жана уюштуруу маселелерин оперативдүү чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилик курамынын ичинен жооптуу адамдарды аныкташсын;
- автомашиналардын номерлери жана коштоп жүрүүчү жооптуу адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына бир жумалык мөөнөттө беришсин;
- бекитип берилген автотранспортту Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына белгиленген күндөрү биринчи талап боюнча берүүнү камсыз кылышсын.
2. Эл аралык байкоочулар үчүн бөлүнүүчү кызматтык автомашиналарды бөлүштүрүүнү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы жүргүзөөрү белгиленсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 21-сентябрындагы № 435
буйругуна тиркеме
№ | Министрликтердин, ведомстволордун аталышы | Бөлүнүп берилүүчү кызматтык-автомашиналардын саны | Эскертүү |
1. | Тышкы иштер министрлиги | 1 |
|
2 | Финансы министрлиги | 1 |
|
3. | Юстиция министрлиги | 1 |
|
4. | Коргоо министрлиги | 1 |
|
5. | Энергетика министрлиги | 1 |
|
6. | Ички иштер министрлиги | 1 |
|
7. | Өзгөчө кьгрдаалдар министрлиги | 1 |
|
8. | Экономикалык жөнгө салуу министрлиги | 2 |
|
9. | Айыл чарба министрлиги | 2 |
|
10. | Жаратылыш ресурстар министрлиги | 1 |
|
11. | Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | 3 |
|
12. | Мамлекеттик мүлк министрлиги | 1 |
|
13. | Саламаттык сактоо министрлиги | 1 |
|
14. | Билим берүү жана илим министрлиги | 1 |
|
15. | Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги | 1 |
|
16. | Маданият жана маалымат министрлиги | 1 |
|
17. | Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги | 1 |
|
18. | Жаштар иштери боюнча министрлиги | 1 |
|
19. | Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети | 2 |
|
20. | Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги | 1 |
|
21. | Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги | 1 |
|
22. | Мамлекеттик байланыш агенттиги | 1 |
|
23. | Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | 1 |
|
24. | Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги | 1 |
|
25. | Кинематография боюнча мамлекеттик агенттиги | 1 |
|
26. | Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиги | 1 |
|
27. | Мамлекеттик салык кызматы | 2 |
|
28. | Мамлекеттик бажы кызматы | 2 |
|
29. | Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы | 1 |
|
30. | Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы | 1 |
|
31. | Мамлекеттик каттоо кызматы | 2 |
|
32. | Финансылык полиция мамлекеттик кызматы | 2 |
|
33. | Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы | 1 |
|
34. | Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы | 1 |
|
35. | Баңгизаттарын контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы | 1 |
|
36. | Мамлекеттик материалдык резервдер фонду | 1 |
|
37. | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 1 |
|
38. | Эсептөө палатасы | 2 |
|
39. | Мамлекеттик кадр кызматы | 1 |
|
40. | Улуттук статистикалык комитет | 1 |
|
41. | Социалдык фонд | 2 |
|
42. | Жергиликтүү өз алдьшча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги | 1 |
|
43. | Сот департаменти | 1 |
|
44. | Улуттук банк | 1 |
|
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 55 |
|