Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
201-жылдын 22-сентябры № 442
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жарандардын кайрылууларына жана арыздарына ыкчам көңүл буруу, калк менен карым-катышты жакшыртуу максатында:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 2011-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин жарандарды жеке кабыл алуу графиги;
- 2011-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды кабыл алуу жана кайрылуулары менен иштөө графиги.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин жарандарды жеке кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн администрациялык имаратында кургүзүлөрү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын жарандарды кабыл алуусу жана кайрылуулары менен иштөөсү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасында жүргүзүлөрү.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмү зарыл болгондо Коомдук кабылдамага жарандарды кабыл алууга кызматтык милдеттеринин чегинде жарандар койгон маселелерди чечүүгө консультациялык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 22 сентябрындагы № 442 буйругу менен бекитилген |
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү жана айы | Кабыл алуу убактысы |
1. | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | 26-ноябрь 24-декабрь | 11.00-13.00 |
2. | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри | 22-октябрь 19-ноябрь 17-декабрь | 11.00-13.00 |
3. | Кыргыз Республикасынын социалдык саясат маселелерин тейлөөчү вице-премьер-министри | 28-окгябрь 25-ноябрь 23 декабрь | 11.00-13.00 |
4. | Кыргыз Республикасынын коргонуу жана коомдук коопсуздук маселелерин тейлөөчү вице-премьер-министри | 27-октябрь 24-ноябрь 22-декабрь | 11.00-13.00 |
4. | Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси | 13-октябрь 27-октябрь 10-ноябрь 24-ноябрь 8-декабрь 22-декабрь | 16.00-18.00 |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 22 - сентябрындагы № 442 буйругу менен бекитилген |
№ | Кызматы | Кабыл алуу күнү жана айы | Кабыл алуу убактысы |
1. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары | 4-октябрь 18-октябрь 1-ноябрь 15-ноябрь 6-декабрь 20-декабрь | 14.00-16.00 |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары | 5-октябрь 19-октябрь 2-ноябрь 16-ноябрь 7-декабрь 21-декабрь | 14.00-16.00 |
3. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангында | 3-октябрь 17-октябрь 14-ноябрь 28-ноябрь 5-декабрь 19-декабрь | 14.00-16.00 |
4. | Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангында | 13-октябрь 17-октябрь 14-ноябрь 28-ноябрь 5-декабрь 19-декабрь | 16.00-17.00 |
5. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысы | 6-октябрь 20-октябрь 3-ноябрь 17-ноябрь 8-декабрь 22-декабрь | 14.00-16.00 |
6. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы | 6-октябрь 20-октябрь 3-ноябрь 17-ноябрь 8-декабрь 22-декабрь | 16.00-17.00 |
7. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы | 7- октябрь 21 –октябрь 4-ноябрь 8- ноябрь 9- декабрь 23-декабрь | 14.00-16.00 |
8. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн башчысы | 7-октябрь 21 –октябрь 4-ноябрь 18-ноябрь 9-декабрь 23-декабрь | 16.00-17.00 |
9. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук енүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы | 7-октябрь 21 -октябрь 4-ноябрь 18-ноябрь 9-декабрь 23-декабрь | 17.00-18.00 |
10. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы | 5-октябрь 19-окгябрь 2-ноябрь 16-ноябрь 7-декабрь 21 -декабрь | 16.00-17.00 |
11. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы | 10-октябрь 24-октябрь 21-ноябрь 29-ноябрь 12-декабрь 26-декабрь | 14.00-17.00 |
12. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы | 11 -октябрь 25-октябрь 8-ноябрь 22-ноябрь 13-декабрь 27-декабрь | 14.00-16.00 |
13. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысы | 11 -октябрь 25-октябрь 8-ноябрь 22-ноябрь 13-декабрь 27-декабрь | 16.00-17.00 |
14. | Кыргыэ Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы | 12-октябрь 26-октябрь 9-ноябрь 23-ноябрь 14-декабрь 28-декабрь | 14.00-16.00 |
15. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы | 12-октябрь 26-октябрь 9-ноябрь 23-ноябрь 14-декабрь 28-декабрь | 16.00-17.00 |
16. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы | 4-октябрь 18-октябрь 1-ноябрь 15-ноябрь 6-декабрь 20-декабрь | 16.00-17.00 |
17. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы | 13-октябрь 27-октябрь 10-ноябрь 24-ноябрь 15-декабрь 29-декабрь | 14.00-17.00 |
18. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун— энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы | 14-октябрь 28-октябрь 11-ноябрь 25-ноябрь 16-декабрь 30-декабрь | 14.00-17.00 |