Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 27-сентябры № 470
«Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Искандаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Аттокуров М.Ш. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Дербишева Г.Т. | - Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министринин орун басары;
|
Момбеков А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Керимов П.Н. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн эксперти;
|
Эркебаев А.М. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам долбоорлорун экспертизалоо жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Орозбеков Э.Т. | - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин региондук экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Орозалиев Б.К | - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин түштүк-батыш региондук командалыгынын командачысынын биринчи орун басары - штабдын начальниги;
|
Козубаев М.А. | - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин түштүк-батыш региондук командалык штабынын начальнигинин орун басары - оперативдүү бөлүмдүн начальниги;
|
Исаев С.И. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкармалыгынын ага инспектору;
|
Закиров А.А. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Жерди пайдаланууга жана коргоого мамлекеттик контроль боюнча жер инспекциясынын директору;
|
Касымов Ч.К. | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун биринчи орун басары;
|
Асанов Э.М. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин агрардык саясат жана инвестиция башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Бейшенов М.М. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин миграциялык процесстер башкармалыгынын начальниги;
|
Сарыбаев Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн начальниги;
|
Алыпсатаров М.Ж. | - Кыргыз Ре спубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгынын начальниги;
|
Кайыпова Н.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин контролдук-укук башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;
|
Калматов А.М. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
|
Закиров Р.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин 2001-аскер бөлүгүнүн штабынын оперативдүү бөлүмүнүн начальниги;
|
Маматалиев Н.П. | - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин администрациялык жана укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги;
|
Икрамов С.И. | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча иштери боюнча улуттук агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Амиров М.Р. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастра жана кыймылсыз мүлктү каттоо укугу департаментинин жетектөөчү адиси. |
2. Жумушчу топ ушул жылдын 10-ноябрына чейинки мөөнөттө Өзгөчө статуска ээ болгон Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко зарыл учурда жогоруда аталган Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгууга катышуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка оргаңдарынын адистерин ишке тартуу укугу берилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |