Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 21-январы № 13
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 "2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планынын 1-пунктун ишке ашыруу максатында:
1. Энергетикадагы, кен пайдалануудагы, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жерлерди трансформациялоодогу жана берүүдөгү, жер участокторун сатуудагы, гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга жана алдын алууга карата иш-чаралардын өкмөттүк планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисине мамлекеттик жана башка уюмдардын эксперттеринин, адистеринин топторун белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
3. Бул буйруктун 1-пунктунда аталган ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- энергетикадагы, кен пайдалануудагы, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жерлерди трансформациялоодогу жана берүүдөгү, жер участокторун сатуудагы, гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана алдын алуу боюнча иш-чаралардын өкмөттүк планын (мындан ары - өкмөттүк план) эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын;
- өкмөттүк планды ишке ашырууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун зарыл болгон учурда оперативдүү тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизсин;
- тиешелүү чөйрөлөрдө коррупциянын пайда болушуна жана жайылышына өбөлгө болгон себептерди жоюу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына тиешелүү сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топко көмөк көрсөтүшсүн жана анын сунуштарынын жана сунуштамаларынын негизинде ыкчам тартипте чечимдерди кабыл алышсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 21-январындагы № 13 буйругуна тиркеме |
Энергетикадагы, кен пайдалануудагы, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жерлерди трансформациялоодогу жана берүүдөгү, жер участокторун сатуудагы, гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга жана алдын алууга карата иш-чаралардын өкмөттүк планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Баетов Батыркул Исаевич | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Исмаилов Сейдахмат Аблезович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Коңурбаев Эрмек Климович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин эл аралык кызматташтык, гуманитардык жардам жана маалымат башкармалыгынын башкы адиси; |
Сыдыгалиева Чолпон Кыдырмаевна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча иштерди талдоо жана координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Дөнөнбаев Марат Орозалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Жыргалбек Түгөлбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын бөлүм начальниги; |
Самсалиев Абдилбек Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) уюштуруучулук-контролдоо башкармалыгынын инспектордук-аналитикалык иштер бөлүмүнүн начальниги; |
Шейфель Надежда Алевтиновна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Үсөнова Рыскүл Жаныбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Сманов Жанат Нургазыевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары. |