Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-январы № 34
Бюджеттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чыгымдоосуна талдоо жүргүзүү жана баа берүү максатында:
1. Бюджеттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чыгымдоосуна талдоо жүргүзүү жана баа берүү боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- бюджеттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын максаттуу чыгымдоосунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү жана баа берүү графигин түзсүн;
- иш-чаралар планын иштеп чыксын;
- чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топко Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин жана администрациялык ведомстволорунун өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартууга жана иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк корсөтүшсүн.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 24-январындагы № 34 буйругуна тиркеме |
Бюджеттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чыгымдоосуна талдоо жүргүзүү жана баа берүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Мукамбетов М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Бакетаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Амандыков М.Л. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары; |
Сыдыков У.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Акжигит уулу М. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулардын методологиясы жана талдоо башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Досалиев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алууларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы. |
Социалдык сектордун чыгымдарын талдоо жана баа берүү боюнча жумушчу топтун 1-чакан тобу | ||
Жолдошева Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Турганова З.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Исакова М.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти; |
Ашымбек уулу А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Абарбекова А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Сабырова Ж.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы; |
Мамбеталиева М.У. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы. |
Реалдуу сектордун чыгымдарын талдоо жана баа берүү боюнча жумушчу топтун 2-чакан тобу | ||
Исаков Ж.Ы. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Жээналы уулу А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Койлубаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти; |
Шаимбетов Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Майтпасов Э.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транспорт, байланыш, ӨЭК жана туризм бөлүмүнүн башчысы; |
Абдразакова А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин агроөнөр жай комплекси, жаратылышты пайдалануу жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы. |
Коргоо, коомдук тартип секторунун жана мамлекеттик сектордун чыгымдарын талдоо жана баа берүү боюнча жумушчу топтун 3-чакан тобу | ||
- | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; | |
Субанов У.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти; |
Истамов Б.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппаратынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Айнабаев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коргоо жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы; |
Стамалиев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектор бөлүмүнүн башчысы. |