Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 29-марты № 115
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2013-жылдын 1-6-апрелинде болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда жиберилсин.
2. Иш-сапарлык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш-сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 29-мартындагы № 115 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 2013-жылдын 1-6-апрелинде Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) болуучу кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Искандаров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси; |
Катанаев А.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун милдетин аткаруучу; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Момбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Ботобаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Миңбаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы; |
Камбаралиев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын чек араны сактоо жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери; |
Жакыпов Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Санников В.П. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары; |
Мандычев Н.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги. |