Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 10-июну № 297
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен юмиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Бишкек шаарында 2011-жылдын 13 – 17 - июнунда Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин жумушчу тобунун жолугушуусу өткөрүлсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн тартылган адамдарды кошкондо Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын эксперттеринин жумушчу тобунун кыргыз бөлүгүнүн курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Тиркеме
Цурков В.Е.
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору, эксперттердин жумушчу тобунун жетекчиси;
|
Момбеков А. А.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Катанаев А.Г.
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;
|
Карыбекова Э.К.
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун референти;
|
Мандычев Н.И.
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;
|
Бобровский А.В.
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын цифралык картографиялоо бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Черныш Э.Ф.
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынынделимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси.
|