Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 8-сентябры № 421
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы 327 "Кыргыз Республикасы менен Казахстан Республикасынын тосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Бишкек шаарында 2011-жылдын 12-16-сентябрында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлсүн.
2. Ушул буйруктун тиркемесине ылайык аталган жолугушууга катышуу үчүн тартылган адамдарды кошкондо Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы бекитилсин.
3. Аталган жолугушууну өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Тиркеме
Искандаров К.А | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
|
Цурков В.Е.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картофафия-геодезия кызматынын директору;
|
Касмалиев А.К.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
|
Момбеков А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперта;
|
Касымов Ч.К.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлооо институтунун директорунун орун басары;
|
Миңбаев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
|
Камбаралиев Б.К.
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;
|
Мандычев Н.И.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;
|
Санников В.П.
| - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси.
|