Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 3-майы № 185
Чүй облусунда, Чалдовар айылынын жанында, 2013-жылдын 3-майында аба кемеси менен болгон авиациялык кырсыктын себептерин иликтөө максатында:
1. Авиациялык кырсыктын себептерин иликтөө боюнча Өкмөттүк комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Өкмөттүк комиссия Чүй облусунда, Чалдовар айылынын жанында, 2013-жылдын 3-майында аба кемеси менен болгон авиациялык кырсыктын себептерин иликтөөнү он күндүк мөөнөттө жүргүзсүн жана иликтөөнүн натыйжалары боюнча расмий корутундуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
3. Өкмөттүк комиссияга авиациялык кырсыктын себептерин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин мезгил-мезгили менен маалымдап туруу сунуш кылынсын.
4 Өкмөттүк комиссиянын жумушчу-органынын функциялары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигине жүктөлсүн.
5. Өкмөттүк комиссия зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик бийликтин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Өкмөттүк комиссиянын ишин камсыздоо жана бул кырсыкты объективдүү иликтөө менен, анын ичинде «Манас» АКШнын Транзиттик ташуулар борбору менен өз ара аракеттенүүнү кошкондо, байланышкан зарыл болгон бардык чараларды көрсүн.
7. Министрликтер жана ведомстволор, уюмдар жана жарандар Өкмөттүк комиссияга авиациялык кырсыктын себептерин иликтөөдө ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2013-жылдын 3-майындагы № 185 буйругуна
тиркеме
Чүй облусунда, Чалдовар айылынын жанында, 2013-жылдын 3-майында болгон авиациялык кырсыкты иликтөө боюнча Өкмөттүк комиссиянын
Курамы
Султанов Калыкбек Иманалиевич | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Өкмөттүк комиссиянын төрагасы;
|
Шаршеев Сталбек Токтогулович | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин коопсуздук башкармалыгынын начальниги, Өкмөттүк комиссиянын төрагасынын орун басары.
|
Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
|
Арапчиев Төлөнбек Асанбаевич | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин коопсуздук башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
|
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
|
Жунусов Бейшенбай Мамбетөмүрович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
|
Исаев Жусубали Калматович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Мамытов Токтокүчүк Болотбекович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
|
Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович | - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
|
Сагимбаева Динара Зарлыковна | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
|
Суранчиев Абдулда Шергазиевич | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
|
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович | - Кыргыз Республикасынын юстиция министри. |