Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-майы № 218
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 «Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйыны 2013-жылдын 27-31-майында Бишкек шаарында өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы аталган жыйынга катышуу үчүн тартылган адамдарды кошкондо тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүгө байланышкан чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоого жана демаркациялоого каралган каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2013-жылдын 24-майындагы № 218
буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын
2013-жылдын 27-31-майында Бишкек шаарында өтө турган кезектеги жыйынына катышуучу,
тартылган адамдарды кошкондогу кыргыз бөлүгүнүн
Курамы
Искандаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси;
|
Катанаев А.Г. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун милдетин аткаруучу;
|
Касмалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасынын директору;
|
Момбеков А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
|
Ботобаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
|
Кыдырмышев Т.Ж.* | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси;
|
Камбаралиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы башкармалыгынын улук офицери;
|
Жакыпов Б.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография- геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
|
Санников В.П. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография- геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
|
Мандычев Н.И. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография- геодезия кызматынын экспедиция начальниги. |
Эскертүү: *- тартылган адамдар.