Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 7-июну № 239
1. 2013-жылдын экинчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон маселелерди даярдоо жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдардын жетекчилери (демилгечилер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сапаттуу жана өз убагында берилишине жеке жоопкерчилик тартышаары белгиленсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2013-жылдын 7-июнундагы № 239
буйругу менен бекитилген
2013-жылдын экинчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумдарында карала турган негизги маселелердин
Тизмеги
№ | Маселенин аталышы | Өткөрүү датасы жана маселени даярдоого жооптуу органдын аталышы | Докладчы | Маселени өз убагында даярдоону контролдоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмүнүн аталышы |
2013-жылдын 18-июлу | ||||
1. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012- жылдын 23-августундагы № 427 токтому менен бекитилген 2012-2013-жылдарга экстремизмге каршы күрөшүү, деструктивдик агымдардын иштери жана терроризмди алдын алуу боюнча ведомстволор аралык планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү |
2. | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын белгилөөчү Чүй суусунун желип кетишин жоюуга багытталган коргоочу иш-чараларды жүргүзүү | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү |
2013-жылдын 22-августу | ||||
1. | 2013-жылдын январь-июнунда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын экономика министри. Тең докладчылар: Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
2. | «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | Кыргыз Республикасынын финансы министри | Финансы жана кредит саясаты бөлүмү |
3. | Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен жабдуу жана суу бөлүүнү өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору | Региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмү |
4. | Мектептерди 2013/2014-окуу жылына даярдоо жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри | Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү |
2013-жылдын 19-сентябры | ||||
1. | Токтоп калган ишканаларды реанимациялоо жана жаңы өнөр жай ишканаларын түзүү боюнча чаралар жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри | Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмү |
2. | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу, коргоо, жакшыртуу жана инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү боюнча министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алуучу чаралар жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү |
3. | «Кыргыз Республикасынын тышкы саясий чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу тууралуу | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри | Эл аралык кызматташтык бөлүмү |
4. | 2014-жылдын түшүмү үчүн себүү кампаниясын өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри | Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү |
2013-жылдын 17-октябры | ||||
1. | Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри | Өнөр жай, отун- энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмү |
2. | «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | Кыргыз Республикасынын финансы министри | Финансы жана кредит саясаты бөлүмү |
3. | Жалпы билим берүү уюмдардын окуучуларынын арасында укук бузууларды алдын алуу жана «мектеп рэкети» фактыларына бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри | Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү |
2013-жылдын 21-ноябры | ||||
1. | 2013-жылдын январь-сентябрында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын экономика министри. Тең докладчылар: Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, Кыргыз. Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
2. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын 2013-жылдын январь - сентябрында аткаруунун жүрүшү жөнүндө | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | Кыргыз Республикасынын экономика министри. Тең докладчылар: Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору | Экономика жана инвестициялар бөлүмү |
2013-жылдын 19-декабры | ||||
1. | «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору | Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү |
2. | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүгө катышуусу боюнча Жалал-Абад облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын иштери жөнүндө | Уюштуруу- инспектордук иштер жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу бөлүмү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Уюштуруу- инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү |