Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 14-майы № 197
Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын киргизүү боюнча ишти активдештирүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана «Экобанк» ачык акционердик коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасында банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерин киргизүүгө карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө 2006-жылдын 16-майындагы меморандумду ишке ашыруу боюнча жетектөөчү комитеттин (мындан ары - Жетектөөчү комитет) алдындагы жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- Жетектөөчү комитеттин жумушчу органы болуп эсептелет;
- Жетектөөчү комитеттин отурумдарын өткөрүүнү даярдоону жана чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- өз ишин Жетектөөчү комитет бекитүүчү Сынамык банктын («ЭкоИсламикБанк ачык акционердик коому) ишине мониторинг жүргүзүү боюнча регламентке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 361 «Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2008-2010-жылдарга Бишкек шаарында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын Борборазиялык борборун түзүү жана калыптандыруу боюнча иш-чаралардын планын аткарууга мониторинг жүргүзүү боюнча регламентке ылайык жүргүзөт.
3. Жумушчу топ ушул буйруктун 2-пунктунда аталган регламенттер бекитилген күндөн баштап:
- бир жумалык мөөнөттө сынамык банктын («ЭкоИсламикБанк» ачык акционердик коому) каржылоонун исламдык принциптерин киргизүү боюнча иштелип чыккан механизмдерин апробациялоо боюнча ишине, алардын экономикага тийгизген таасирине мониторинг жүргүзсүн жана мониторингдин натыйжалары боюнча талдоочу маалымкатты Жетектөөчү комитеттин кароосуна киргизсин;
- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 361 «Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2008-2010-жылдарга Бишкек шаарында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын Борборазиялык борборун түзүү жана калыптандыруу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышына мониторинг жүргүзсүн жана мониторингдин натыйжалары боюнча талдоочу маалымкатты Жетектөөчү комитеттин кароосуна киргизсин.
4. Жумушчу топтун компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн жумушчу топко эксперттик топторду түзүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка юридикалык жактардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга, ошондой эле анын ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суроого укук берилсин.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, усулдук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана «ЭкоИсламикБанк» ачык акционердик коомуна жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2013-жылдын 14-майындагы № 197
буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана «Экобанк» ачык акционердик коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасында банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин киргизүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө 2006-жылдын 16-майындагы меморандумду ишке ашыруу боюнча жетектөөчү комитеттин алдындагы жумушчу топтун
Курамы
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
|
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
Байгөнчөков Мирланбек Конушбекович | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Пирназаров Марат Түгөлбаевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Давлеткелдиева Чынара Абдыкуловна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруучу кеңешинин мүчөсү;
|
Хохлова Галина Владимировна | - «ЭкоИсламикБанк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Осмоналиева Арзыкан Абыловна | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын усул, көзөмөл жана уруксаттама башкармалыгынын финансы продуктуларынын усулу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
|
Абдубачаев Мирбек Рысбекович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын усул, көзөмөл жана уруксаттама башкармалыгынын финансы продуктуларынын усулу бөлүмүнүн инспектору (макулдашуу боюнча);
|
Жанчаров Максатбек Даирбекович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин саясатты иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Бегалиев Аскат Маратович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыгынын салыктык мыйзамдар боюнча усул бөлүмүнүн начальниги;
|
Омокеева Гүлнур Шаиковна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын башкы инспектору;
|
Жумабаев Давран Кабулжанович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкери;
|
Атагелдинова Гүлнара Курманчаевна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын экономикалык талдоо башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу. |