Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-июну № 262
Кыргыз Республикасынын Президенти 2013-жылдын 20-мартында бекиткен Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Х.Фишердин Кыргыз Республикасына расмий визитинин (2013-жылдын 14-15-мартындагы) жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 7-пунктуна ылайык, тышкы капиталдык салымдарды натыйжалуу тартуу үчүн инвестицияларды камсыздандыруу боюнча сунуштарды даярдоо максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 3 айлык мөөнөттө тышкы капиталдык салымдарды натыйжалуу тартуу максатында Кыргыз Республикасында инвестицияларды камсыздандырууну киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2013-жылдын 18-июнундагы № 262
буйругуна тиркеме
Тышкы капиталдык салымдарды натыйжалуу тартуу үчүн инвестицияларды камсыздандырууга карата сунуштарды даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун
Курамы
Давлеткельдиева Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
|
Калматова Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандырууну жана пенсиялык топтоо фонддорун өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Кулумбаев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандырууну жана пенсиялык топтоо фонддорун өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы.
|
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
Оскомбаев М.С. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүктөргө талдоо жүргүзүү жана тобокелдиктерди башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
|
Кожомбердиева Д.К. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын мамлекеттик карыздардын статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Токбаева А.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөрү департаментинин 2-катчысы;
|
Максутов Н.Б. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялар саясаты жана аны илгерилетүү жана жылдыруу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысы;
|
Султанбаев У.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандырууну жана пенсиялык топтоо фонддорун өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
|
Кенжебаев С.М. | - «Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
|
Тагаев Р.Т. | - «Ак жол» камсыздандыруу компаниясы» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Мамбетова А.Н. | - «Кыргызинстрах» жабык түрдөгү биргелешкен акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Каниметов С.Д. | - «Мунайзат камсыздандыруу компаниясы» жабык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |