Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-июну № 282
2013-жылдын 27-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегациясынын Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча бекитилген иш-чаралардын план-графигине ылайык:
1. Ош шаарында 2013-жылдын 24-27-июнунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу тобунун жолугушуусу өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу тобунун жолугушуусуна катышуу үчүн ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда Кыргыз Республикасынын делегациясы Ош шаарына жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
- аталган жолугушууну жана протоколдук иш-чараларды өткөрүүнү уюштурууда Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобуна көмөк көрсөтсүн;
- делегация мүчөлөрүн талаа изилдөөсүнө чыгуу үчүн транспорт каражаттары менен камсыз кылсын.
4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Тиркеме
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, жумушчу топтун жетекчиси; |
Баймырзаев М.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Усаров М.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Юсупов Б.Ю. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Исабеков Н.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Камбаралиев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Ботобаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Апышев Э.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги; |
Сыргабаев Б.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси - мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топтун жетекчиси; |
Токтосунов Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын Ош облустук филиалынын директору; |
Жакыпов Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Бөрүбаев Н.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Мырзаев А.А. | - | Ала-Бука райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Шерматов А.Б. | - | Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Маматов А.Т. | - | Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Мурзахмедов Ш.М. | - | Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Раимбердиев К.А. | - | Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги. |