Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-июлу № 304
Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн тартибин караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун жана «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан келип чыккан Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана андан ары белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине киргизсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
4. Жумушчу топ зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана анын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2013-жылдын 1-июлундагы № 304
буйругуна тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун
Курамы
Султанов Ш.Г. | - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Исраилов Н.С. | - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин пенсиялык бөлүмүнүн начальниги, жумушчу топтун катчысы;
|
Субанов У.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
|
Жумакунова Ч.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын башкы адиси;
|
Мамбеталиева М.У. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Молдокеев Т.П. | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин финансы, бухгалтердик учёт жана отчёттуулук боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Келдибеков Э.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы инспектору;
|
Изибаев Ж.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин финансы башкармалыгынын начальниги;
|
Балмухамбетов Т.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын финансылык бөлүмүнүн начальниги-финансылык-чарба башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
|
Курманалиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзамга негизделген актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси;
|
Кыдралиева Л.Т. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансылык-чарба башкармалыгынын пенсиялык бөлүмүнүн начальниги;
|
Абдрахманова Д.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын финансы-экономикалык башкармалыгынын пенсиялык бөлүмүнүн начальниги;
|
Аманкулова А.Т. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин эмгек акысын реформалоо боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Аргынова Г.О. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын финансы-экономикалык башкармалыгынын улук инспектору;
|
Ибрагимова А.Ч. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын башкы адиси. |