Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-июлу № 327
1. 2014-жылга бюджеттин долбоору жана жергиликтүү бийлик органдарынын иштериндеги проблемалар жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жерине баруу менен жүргүзүү, ошондой эле региондордун деңгээлинде бийлик органдарын бекемдөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында 1, 2 жана 3-тиркемелерге ылайык курамда үч жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топтор 2013-жылдын 9-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттары менен бирдикте жер-жерлерде активдердин чогулуштарын, айылдык жыйындарды жана жарандар менен жолугушууларды өткөрүшсүн жана аларда региондук деңгээлде бийлик органдарын бекемдөө менен байланышкан маселелердин бардык комплексин талкуулашсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2013-жылдын 9-июлундагы № 327
буйругуна 1-тиркеме
Жумушчу топтун
Курамы
Сарпашев Т.Д. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Эргешов А.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
|
Жуков М.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
|
Таткулов А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Кенжебаев Д.Б. | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
|
Керимов П.Н. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
|
Алманбетов А.О. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
|
Максүтов Н.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Асанов У.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
|
Күйкеев Э.А. | - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
|
Ажибраимова Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук пропаганда бөлүмүнүн начальниги. |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2013-жылдын 9-июлундагы № 327
буйругуна 2-тиркеме
Жумушчу топтун
Курамы
Карашев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору, жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
|
Кожошев А.О. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Касиев Н.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
|
Бакиров Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
|
Кутманов Н.О. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Абдыкаимов О. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Асанкулов Ж.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
|
Масаидов Б.Ю. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
|
Ирсалиев М. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аппарат жетекчиси;
|
Жумалиев Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин дыйканчылык башкармасынын начальниги;
|
Сүйүналиева Б.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайган жарандар башкармасынын начальниги. |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2013-жылдын 9-июлундагы № 327
буйругуна 3-тиркеме
Жумушчу топтун
Курамы
Оторбаев Ж.К. | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Лаврова О.В. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
|
Базарбаев К. | - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри;
|
Муканбетов С.Т. | - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
|
Кузнецов Е.Ю. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
|
Икрамов С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
|
Айдралиева Р.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары. |