Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 8-июлу № 325
1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Б.Мамытовдун Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары М.М.Алимардон менен 2013-жылдын 9-11-июлунда Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Худжанд шаарында боло турган жумушчу жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда жиберилсин:
Мамытов Токтокүчүк Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Искандаров Курбанбай Алибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын рангында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү; |
Исмаилов Адылбек Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Бешимов Аскар Жолчубекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Асанов Курсан Сатарович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Ибраев Келдибек | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Разаков Жеңиш Парпиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Усубалиев Таалайбек Кадыркулович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу; |
Абдураимов Бекназар Элмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Сыдыков Данияр Батырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгүндөгү Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; |
Кыдырмышев Тимур Жыргалбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси. |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |