РаспоряжениеКүчүндө

КР Премьер-министринин 2013-жылдын 8-июлундагы № 325 (2013-жылдын 9-11-июлунда Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Худжанд шаарында боло турган жумушчу жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясын жиберүү тууралуу) буйругу

Редакция08.07.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 8-июлу № 325

1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Б.Мамытовдун Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары М.М.Алимардон менен 2013-жылдын 9-11-июлунда Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Худжанд шаарында боло турган жумушчу жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда жиберилсин:

Мамытов Токтокүчүк Болотбекович

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Искандаров Курбанбай Алибаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын рангында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;

Исмаилов Адылбек Туратбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Бешимов Аскар Жолчубекович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Асанов Курсан Сатарович

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

Ибраев Келдибек

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Разаков Жеңиш Парпиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Усубалиев Таалайбек Кадыркулович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;

Абдураимов Бекназар Элмуратович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Сыдыков Данияр Батырович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгүндөгү Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

Кыдырмышев Тимур Жыргалбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев