Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-августу № 387
(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 12-декабрындагы № 524, 2015-жылдын 10-июлундагы № 304, 2015-жылдын 12-октябрындагы № 453, 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 207, 2018-жылдын 6-июнундагы № 405, 2019-жылдын 31-январындагы № 40, 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 656, 2020-жылдын 27-августундагы № 358 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобонун 10-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:
Конокбаев Данияр Тынычбекович |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич |
| Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Солдатова Рейна Назарбековна |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү башкармалыгынын начальниги; |
Мамытбеков Алмазбек Болотович |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузуулар менен күрөшүү башкармалыгынын начальниги; |
Таштанбеков Мирбек Бейшенбекович |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укуктук башкармалыгынын начальниги; |
Курков И.А. | - | Россия Федерациясынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын алдындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; |
Акматов Калыбек Болотбекович |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын санариптештирүү башкармалыгынын начальниги; |
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 24-майындагы № 464 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 24-октябрындагы № 828 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 25-декабрындагы № 914 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 16-майындагы № 205 буйругу.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |