Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-декабры № 767
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 343, 2012-жылдын 10-январындагы № 2, 2013-жылдын 19-августундагы № 465, 2015-жылдын 13-майы № 288, 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 564, 2018-жылдын 22-мартындагы № 148 , 2018-жылдын 15-августундагы № 375, 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686, 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 236 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматчыларына азык-түлүк паектун ордуна акчалай компенсациянын нормасы суткасына 256 сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын азык-түлүк паегунун ордуна компенсация төлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фондунун каражаттарынан жүргүзсүн.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-марттагы № 88 токтому;
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июндун № 361 токтомунун 2-пункту.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Д.Үсөнов |
2-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-августундагы № 375 токтомунун редакциясына ылайык)