Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-августу № 388
Ала-Бука чек ара отрядынын «Чаткал» чек ара заставасына алып баруучу автожол участкасын реабилитациялоо, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагында жайгашкан, иштетүү учурунда оңдоо-калыбына келтирүү иштерин биргеликте жүргүзүү мүмкүндүгү келип чыгуучу Беш-Арал кенинин келечектүүлүгүн изилдөө максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топ жерине чыгуу менен, бир айлык мөөнөттө Ала-Бука чек ара отрядынын «Чаткал» чек ара заставасына алып баруучу автожолдун участкасын реабилитациялоо жана Беш-Арал кенин иштетүүнүн келечектүүлүгү маселелерин иликтесин жана сунуш киргизсин.
3. Жумушчу топко министрликтердин, ведомстволордун жана башка уюмдардын кызматкерлерин ишке тартууга жана иш үчүн зарыл болгон документтерди суроого укук берилсин.
4. Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар жумушчу топко бардык суралган маалыматтарды беришсин.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2013-жылдын 12-августундагы № 388
буйругуна тиркеме
Жумушчу топтун
Курамы
Содамбаев Ж.А. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол чарба департаментинин директору, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Иманкулов Ш.М. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол чарба департаментинин башкы инженери;
|
Маматов Э.Э. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын региондук чек ара башкармалыгынын чек араларды коргоо бөлүмүнүн улук офицери;
|
Табышев М.О. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
|
Жолдошев Ш.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экологиялык коопсуздук жана жерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
|
Дуванакулов М.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын мамлекеттик экологиялык экспертиза жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы;
|
Сатыбеков М.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин геология башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
|
Кадыров А.Н. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Чаткал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Исаев Ш.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар секторунун жетектөөчү адиси. |