Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2015-жылдын 17-февралындагы № 37 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 16-августу № 397
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 716 буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл тексти боюнча "Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу" деген сөздөр "Эмгек, миграция жана жаштар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
экинчи абзацындагы "социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн социалдык өнүктүрүү жана эмгек мамилелери секторунун башчысы" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы "иш менен камсыз кылуу саясатын иштеп чыгуу бөлүмүнүн" деген сөздөр "иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясаты башкармалыгынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин коллегиясынын курамына киргизилсин:
Калыбеков Урмат Анварбекович, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги;
- коллегиянын курамынан Жакыпбеков Э.А. чыгарылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |