КР Премьер-министринин
2015-жылдын 17-февралындагы № 37 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-сентябры № 716
(КР Премьер-министринин 2013-жылдын 16-августундагы № 397 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Төмөндөгү адамдар Жаштар, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп бекитилишсин:
- Ажигулова Замира Байсеитовна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору;
- Ажиходжоева Аида Нурсадыковна, Кыргыз Республикасынын Жаштар, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясаты башкармалыгынын начальниги;
- Калыбеков Урмат Анварбекович, Кыргыз Республикасынын Жаштар, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги.
(КР Премьер-министринин 2013-жылдын 16-августундагы № 397 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 14-июлундагы № 309 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 26-январындагы № 44 буйругу.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |