Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 23-августу № 412
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 «Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2013-жылдын 26-30-августунда өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн комиссиянын кыргыз бөлүгү ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2013-жылдын 23-августундагы № 412
буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 2013-жылдын 26-30-августунда Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтө турган кезектеги жыйынына катышуучу кыргыз бөлүгүнүн
Курамы
Искандаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси;
|
Катанаев А.Г. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун милдетин аткаруучу;
|
Касмалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасынын директору;
|
Момбеков А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
|
Ботобаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
|
Кыдырмышев Т.Ж. (*) | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси;
|
Камбаралиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы башкармалыгынын улук офицери;
|
Жакыпов Б.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
|
Мандычев Н.И. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги. |
Эскертүү: (*) - тартылган адам.