Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 27-августу № 415
2013-жылдын 20-21-августунда Тажикстан Республикасына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевдин расмий визитинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын премьер-министрлеринин ортосунда жетишилген келишимге ылайык:
1. 2013-жылдын 28-31-августунда Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясынын жумушчу топторунун жолугушуусу өткөрүлсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын тиркемеге ылайык курамдагы делегациясы Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жөнөтүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
2013-жылдын 27-августундагы № 415
буйругуна тиркеме
2013-жылдын 28-31-августунда Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын
Курамы
Касымалиев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту» Мамлекеттик ишканасынын директору, жумушчу топтун башчысы;
|
Абдураимов Б.Э. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
|
Усаров М.И. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
|
Соодамбаев Ж.А. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору;
|
Камбаралиев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын башкы ыкчам башкармалыгынын чек ара өкүлчүлүгү иш бөлүмүнүн мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ага офицери;
|
Ниязалиев Д.К. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин экинчи катчысы;
|
Турсункулов К.Э. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин атташеси;
|
Сарыбаев Э.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча экинчи катчысы;
|
Алышбаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын инфраструктурасын жана бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Мурзаев А.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
|
Сазбаков С.З. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн бөлүм башчысынын орун басары;
|
Жусуматов Э.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары;
|
Эгембердиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жайыт департаментинин директору;
|
Эргешов А.М. | - Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
|
Хамидов А.Х. | - Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
|
Үсөнов А.Т. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Ош - Баткен - Исфана» башкармалыгынын башчысы;
|
Бородин А.В. | - «Кыргызстандын мамлекеттик электр тармактары» ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары. |