Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
(КР Президентинин
2011-жылдын 13-июнундагы ПБ № 83 буйругунун
редакциясына ылайык)
2011-жылдын 3-июну ПБ № 79
Этностор аралык мамилелерди турукташтыруу, жарандык биримдикти, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо максатында:
1.Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын кезексиз VII Курултайын 2011-жылы 17-18-июнда Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын Кеңешинин кайрылуусу колдоого алынсын.
(КР Президентинин 2011-жылдын 13-июнундагы ПБ № 83 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын кезексиз VII Курултайын даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин тиркелген курамы бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын кезексиз VII Курултайын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 3-июнундагы № 79 буйругу менен бекитилген |
Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын кезексиз
VII Курултайын даярдоо жана өткөрүү боюнча
уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ
(КР Президентинин
2011-жылдын 13-июнундагы ПБ № 83 буйругунун
редакциясына ылайык)
Э.С.Каптагаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;
И.К.Жунусов - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Ш.М.Сабиров - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Э.А.Баялы - Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
С.А.Раев - Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директору;
Ш.Ч.Айтматова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Р.А.Сабиров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, тажиктердин Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
С.Н.Пак - Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын жооптуу катчысы, уюштуруу комитетинин катчысы;
З.К.Рысалиев - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
К.С.Садыков - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Н.Т.Шакиев - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
А.Т.Алымкулов - Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министри;
Б.А.Фаттахов - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин директору;
А.О.Бурханов - Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - губернаторунун милдетин аткаруучусу;
Б.Ж.Асанов - Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
Н.Т.Абдылдаев - Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - губернаторунун милдетин аткаруучусу;
К.К.Муратбеков - Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - губернаторунун милдетин аткаруучусу;
С.Ш.Жээнбеков - Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
К.А.Курманалиева - Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
А.Д.Азыранкулов - Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - губернаторунун милдетин аткаруучусу;
И.Ш.Өмүркулов - Бишкек шаарынын мэри;
М.Ж.Мырзакматов - Ош шаарынын мэри;
А.Д.Карабаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы;
М.А.Карыбаева - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
А.А.Муратов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жактан камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы;
А.А.Асанканов - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Б.Ж.Жураев - Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси;
Б.М.Мурзубраимов - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);
Б.Жакиев - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
М.С.Мадаминов - эмгек ардагери (макулдашуу боюнча);
М.Т.Мамасаидов - коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (макулдашуу боюнча);
П.С.Сабиров - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
К.Ч.Чойбеков - Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрагасы (макулдашуу боюнча);
А.С.Сапарбаев - Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы (макулдашуу боюнча);
А.К.Алафердов - азербайжандардын "Азери" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
А.З.Джабраилов - "Барт" чечен маданий борбору" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
В.И.Диль - немецтер Кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
А.К.Жабоев - кабардиндер менен балкарлардын "Минги Тау"коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Л.Я.Зеличенко - Кыргызстандын "Менора" еврей маданий коомунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
С.Ф.Кирал - чехтердин "Наздар" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
С.К.Косаков - Кыргыз Республикасындагы казактардын коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
А.А.Кондахчян - Кыргыз Республикасынын армяндарынын коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Ж.М.Кулманова - "Түгөлбай-Ата" эл аралык коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
О.К.Куприянова - гректердин "Филия" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Г.П.Кутателадзе - Кыргыз Республикасынын грузиндеринин "Мзиури" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Ш.М.Муртазалиев - дагестандардын "Садака" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
С.Х.Насиза - Кыргыз Республикасынын дунгандарынын коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
В.В.Нарозя - "Берегиня" Украин коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Х.И.Сабирова - өзбектердин Республикалык улуттук-маданий борборунун вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Т.А.Салимов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уйгурлардын "Иттипак" коомдук бирик-месинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
М.М.Сакимов - Кыргыз Республикасынын түрктөрүнүн коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Б.А.Сан - Кыргыз Республикасынын корейлеринин коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Р.М.Сеидов - курддардын "Мидия" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
З.Слензак-Бегалиева - поляктардын "Одродзение" Поляк маданий-агартуу бирикмесинин төрайымы (макулдашуу боюнча);
А.В.Степанюк - "Гармония" Орус маданий борбору коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Л.Т.Ташматова - болгарлардын "Възраждане" коомдук бирикмесинин төрайымы (макулдашуу боюнча);
Г.Х.Ульмаскулова - татар-башкырлардын "Туган тел" маданий борборунун төрайымы (макулдашуу боюнча);
А.М.Хамхоев - Кыргыз Республикасынын ингуш улутундагы жарандарынын "Вайнах" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
З.Х.Шидакова - Кыргызстандагы карачайлардын "Ата-Журт" эл аралык ассоциация коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Н.Н.Ширяев - цыгандардын "Романо-Дром" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
А.С.Шут - "Свитанак" белорус коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
А.А.Хаджиев - уйгурлардын "Иттипак" коому коомдук бирикмесинин төрагасы.