Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 1-октябры № 94
(КР Премьер-министринин 2010-жылдын 7-октябрындагы № 102 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтому жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 11-мартындагы № 98 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:
1. Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн 2010-жылдын 11-15-октябрында кыргыз делегациясы тартылган адамдарды кошкондо тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 1-октябрындагы № 94 тескемесине тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын
ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо
боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына
катышуу үчүн 2010-жылдын 4-10-октябрында жиберилүүчү
кыргыз делегациясынын
КУРАМЫ
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директору;
Касмалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
Момбеков А.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча бөлүмүнүн эксперти;
Сүйөркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директорунун орун басары;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары;
Мандычев Н.И. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын экспедиция начальниги;
Миңбаев А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Камбаралиев Б.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери.