Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 9-январы ПБ № 1
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзам актыларын өркүндөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча тиркемеге ылайык курамдагы жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2012-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди өзүнүн ишине белгиленген тартипте тартуу укугу берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгы жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыз кылуу жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси, жумушчу топтун төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги толук ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын билим жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри.