Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-февралы № 227
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 7-сентябрындагы № 420 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка уюмдардын эксперттерин, адистерин ишке тартсын (макулдашуу боюнча)";
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Штабдын күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон керектөөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын эсебинен жабылсын.";
- 10-пункту "министрликтери жана ведомстволору" деген сөздөрдөн кийин "Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11 жана 12-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү штабдын ишинин жыйынтыгы боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын нефти продуктулардын контрабандасына каршы чара көрүүдө натыйжалуу пайдалана албаган кызмат адамдарынын ээлеген кызматтарына ылайыктыгы жөнүндө сунуштарды даярдасын.
12. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.";
- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйрукка тиркеменин редакциясына ылайык берилсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
|
| "Тиркеме |
Мамыркулов Алик Бейшенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары штабдын начальниги; |
Дюшембиев Раимберди Седакматович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин командачысынын орун басары штабдын начальнигинин орун басары; |
Садабаев Майрамбек Мукашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын "Түштүк" оперативдик бажыканасынын начальниги штабдын начальнигинин орун басары; |
Матраимов Мурадыл Кыргызбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Түштүктөгү региондор аралык башкармасынын начальнигинин орун басары; |
Молдоташев Нурбек Бекмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Түштүктөгү региондор аралык башкармасынын инспектору; |
Ташбалтаев Насирдин Абдыкадырович | - | Баткен облусунун ички иштер башкармасынын начальнигинин орун басары; |
Биданов Мирлан Биданович | - | Баткен облусунун ички иштер башкармасынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү; |
Нуралиев Эрлан Абдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча башкы башкармасынын улук оперкызматкери; |
Толобаев Эрмек Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча башкы башкармасынын улук оперкызматкери; |
Шин Александр Витальевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын Салыктык жана бажылык кылмыштарга каршы күрөш башкармасынын бажылык кылмыштарга каршы күрөш бөлүмүнүн улук оперкызматкери; |
Самратов Тимур | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын Салыктык жана бажылык кылмыштарга каршы күрөш башкармасынын бажылык кылмыштарга каршы күрөш бөлүмүнүн оперкызматкери; |
Бусурманкулов Нурбек Аттокурович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармасынын тергөөчүсү.". |