Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2012-жылдын 24-февралы № 245

(КР Премьер-министрин 2012-жылдын 30-мартындагы № 350  буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын жоболорун жана түзүмүн бекитүү жөнүнде" токтомуна ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболор 1-14-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү өздөрүнүн иштерин ушул буйрук менен бекитилген жоболорду жетекчиликке алуу менен эриш-аркак жүргүзүшсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 26-январындагы № 70 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов