Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-марты № 350
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 24-февралындагы № 245 буйругуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- 2-тиркемеде:
7-пункту төмөнкү мазмундагы 9-1 жана 9-2-пунктчалары менен толукталсын:
"9-1) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана превентивдүү коргоо иш-чараларын жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана анын масштабдарын баалоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын иштерин координациялоо;
9-2) издөө-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын иштерин координациялоо;";
9-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, аскердик түзүлүштөрдөн тышкары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (өзгөчө кырдаалдар маселелери бөлүгүндө);";
- 6-тиркемеде:
бүткүл текст боюнча "жарандык коргонуу" деген сөздөр "жарандык коргоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктунун 3-пунктчасында жана 7-пунктунун 1-пунктчасында "жана өзгөчө кырдаалдар" деген сөздөр алып салынсын;
7-пунктунун 3, 5 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
9-пунктунун 1-пунктчасында:
төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик түзүлүштөрү";
он биринчи абзац күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |