Редакцияот 04.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2012-жылдын 4-апрели № 370

Чет мамлекеттердин жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагына келишин (чыгышын) жана болушун эсепке алуу жана контролдоо маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун макулдашылган сунуштарын иштеп чыгуу максатында:

1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте автоматташтырылган эсепке алуу жана контролдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды каттоо жол-жобосун киргизүү боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине кароосуна киргизсин.

3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов

 

Тиркеме

Чет мамлекеттердин жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагына келишин  (чыгышын) жана болушун эсепке алуу жана контролдоо маселелерине карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

 

Мусаев Көлбай Алишерович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Мамбетсеитов Аман Бейшебаевич

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;

Алымбеков Бактыбек Маданбекович

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;

Исаев Асеин Кусеинович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;

Кожошев Арзыбек Орозбекович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кожобеков Асылбек Эсенжанович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

Адашпасов Таалайбек Зулкарович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары;

Абдраев Бектур Асымбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;

Молдогазиев Айбек Бейшеевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Давлетов Эльдар Кадырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн техникалык коопсуздук жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүү секторунун башчысы;

Тотуяев Уланбек Асанкулович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин экинчи катчысы.