Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-сентябры № 449
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 25-июлундагы № 328, 2014-жылдын 6-майы №202 буйругунун редакциясына ылайык)
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун базасында жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташуучу тоом борборду түзүүгө багытталган механизмдерди иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен:
1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун базасында жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташуучу тоом борборду түзүүгө байланышкан маселелерди мониторингдөө жана координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда уюштурулсун.
2. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу экени белгиленсин:
- зарыл болгон учурда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга;
- иш процессинде болуучу маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан керектүү маалыматтарды сурап алууга;
- министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартуу менен жумушчу топторду түзүүгө;
- министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун базасында жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташуучу тоом борборду (мындан ары - тоом борбор) түзүүгө тартылган адистеринин, ошондой эле көз карандысыз эксперттердин жана консультанттардын маалыматтарын угууга;
- ведомстволор аралык комиссиянын компетенциясынын чегинде тоом борборду түзүү үчүн керектүү башка аракеттерди жасоого.
3. Ведомстволор аралык комиссия тоом борборду түзүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5-күнүнө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилигинин кароосуна маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу катчылыгынын функциясы тапшырылсын.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин методикалык, уюштуруу-техникалык жана башка камсыздоо "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 18-сентябрындагы № 449 буйругуна тиркеме |
(КР Премьер-министринин 2014-жылдын 25-июлундагы № 328, 2014-жылдын 6-майы №202 буйругунун редакциясына ылайык)
Диль В.И. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Ибраимов А.С. | - | "Манас" эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун президенти, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Дыйканов М.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статскатчысы; |
Мамидинова Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; |
Адамкулова С.Э. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Байгөнчөков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Чакиев М.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору; |
Сыдыгалиев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директору; |
Дүйшенбиев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Исаев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын директорунун орун басары; |
Кадыркулов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Абдыкаимов О.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Шаршеналиев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Теңизбаева Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Черный И.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүгүүнү мониторингдөө бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Мадумаров К.М. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонддун директору; |
Белеков Н.Б. |
| «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун стратегиялык өнүгүү департаментинин директору (макулдашуу боюнча); |
Токтобеков М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация департаментинин директорунун орун басары; |
Жакыпбаев М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары; |
Токобаев Д.С. | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Мусабаева А.Т. | - | Кыргызстандын Туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору (КТОА) (макулдашуу боюнча); |
Рустембеков О.С. | - | "Карго Кыргызстан" долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |