Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2014-жылдын 20-январындагы № 22 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 23-сентябры № 456
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралында № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобонун 16-пунктуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:
Мусабеков А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Белекова Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Абдулдаев М.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өнөр-жай коопсуздугу жана тоо көзөмөлү башкармалыгынын начальниги; |
Жанбоев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаары, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнча регионалдык башкармалыктын начальнигинин орун басары; |
Кириленко А.В. | - | "БИОМ" Экологиялык кыймылы" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |