Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы № 136
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө
токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" жана 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
- штаттык бирдиктерди, документтерди жана финансылык ресурстарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленген тартипте кабыл алсын;
- товардык-материалдык баалуулуктарды кабыл алуу боюнча башка маселелерди чечсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери" жөнүндө токтому, 2012-жылдын 1-апрелинен баштап;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-августундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы жөнүндө" токтому.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө. Бабанов |
| 2-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-декабрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык)