РаспоряжениеКүчүндө

КР Премьер-министринин 2013-жылдын 1-октябрындагы № 477 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардак наамынын ээлерине алкыш жарыялоо тууралуу) буйругу

Редакция01.10.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 1-октябры № 477

Балдарды жана жаштарды окутууга, тарбиялоого кошкон татыктуу салымы үчүн, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк Мугалимдер күнүнө карата, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкү "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" ардак наамынын ээлерине алкыш жарыялансын:

Абдрахманова Симиля Бактыгуловнага;

Арыстанова Светлана Амановнага;

Базаркулов Мукаш Базаркуловичке;

Баимбетов Мамадыйга;

Батыркулов Бекмурзага;

Бекбоев Исакка;

Жайнаков Аманбекке;

Жанузаков Жаныш Борошовичке;

Заркунов Асанга;

Зырянова Антонида Николаевнага;

Исаков Бектур Сыдыковичке;

Кулуев Шабданбекке;

Мамбеткалиев Султанга;

Өзүбекова Жибек Райымбековнага;

Першина Татьяна Ивановнага;

Саякбаева Турар Сайпидиновнага;

Сманбаев Аманга;

Шакиров Эржигитке;

Шаршекеев Өзгөрүшкө;

Якир Ефим Борисовичке.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев