Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-октябры № 485
Мамлекеттештирилген мүлктү пайдалануучу объекттерге мониторинг жүргүзүү, алардын чыгашалуулугунун, төмөнкү рентабелдүүлүгүнүн себептерин аныктоо жана пайдалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш болгон объекттердин тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл болгон учурда мамлекеттик уюмдардын эксперттерин жана кызматкерлерин белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жүктөлсүн.
5. Ведомстволор аралык комиссия үч күндүк мөөнөттө 2-тиркемеде баяндалган объекттерге мониторинг жүргүзүүнүн план-графигин даярдасын жана бекитсин.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык комиссиянын сунуштамаларынын жана сунуштарынын негизинде ыкчам тартипте чечимдерди кабыл алууда кошумча кызматкерлерди командировкага жиберүү бөлүгүндө көмөк көрсөтүшсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 18-октябрындагы № 485 буйругуна 1-тиркеме |
Мамлекеттештирилген мүлктү пайдалануучу объекттерге мониторинг жүргүзүү, алардын чыгашалуулугунун, төмөнкү рентабелдүүлүгүнүн себептерин аныктоо жана пайдалуулугун жогорулатуу максатында сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Үсөналиева Назира Сагындыковна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Мамбеткулов Алишер Шамильевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мамлекеттик органдарда экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Кебеков Аман Жумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин каттоо жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Акеров Мирлан Мамытович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын бөлүмүнүн начальниги; |
Сатарова Эльдана Таалайбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчикти башкаруу башкармалыгынын менчиктештирүү саясатын иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы; |
Абдулапов Алтынбек Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын тобокелдик факторлору боюнча пландаштыруу бөлүмүнүн начальниги; |
Абдыразакова Айгүл Эшимбековна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарынын чыгымдарын пландаштыруу башкармалыгынын агроөнөр жай комплекси, жаратылышты пайдалануу жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Абиров Мыктыбек Медетбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын баалуу кагаздар рыногун көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги; |
Халмурзаев Асылбек Урбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун финансы-экономикалык талдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Жакыбалиев Адилет Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мүлктү пайдалануу маселелери боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Дадыбаев Бекзат Шергазиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн агрардык өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу маселелери боюнча башкы адиси. |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 18-октябрындагы № 485 буйругуна 2-тиркеме |
Мамлекеттештирилген мүлктү пайдалануучу, мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш болгон объекттердин ТИЗМЕСИ
№ | Объекттин аталышы | Мониторингдин мөөнөтү |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Витязь" мамлекеттик ишканасы | Эки жумага чейин |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Солнышко" мамлекеттик ишканасы | Эки жумага чейин |
3 | "Альфа телеком" жабык акционердик коому | Эки жумага чейин |
4 | "Каприз" жоопкерчилиги чектелген коому | Эки жумага чейин |
5 | "СК Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коому | Эки жумага чейин |
6 | "Континент Принт" жоопкерчилиги чектелген коому | Эки жумага чейин |
7 | "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому | Бир айга чейин |
8 | "Нарынгидроэнергокурулуш" ачык акционердик коому | Бир айга чейин |
9 | "Нарынспецгидроэнергомонтаж" ачык акционердик коому | Бир айга чейин |
10 | "Двадцать пятый кадр" жабык акционердик коому | Бир айга чейин |
11 | "Пирамида" телерадиокомпаниясы" жоопкерчилиги чектелген коому | Бир айга чейин |
12 | "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коому | Бир айга чейин |