Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-ноябры № 510
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2013-жылдын 11-16-ноябрында өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн комиссиянын кыргыз бөлүгү ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 510 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 2013-жылдын 11-16-ноябрында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтө турган кезектеги жыйынына катышуучу комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Искандаров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси; |
Катанаев А.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Жуманазаров Б.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Момбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Ботобаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Кыдырмышев Т.Ж.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси; |
Камбаралиев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Жакыпов Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Мандычев Н.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги. |
Эскертүү: (*) - тартылган адам.