Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 27-ноябры № 535
Пенсиялык тутумдун айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана жеке ишмердик жүргүзгөн жеке адамдарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бөлүгүн реформалоо маселелерин изилдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Пенсиялык тутумдун айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана жеке ишмердик жүргүзгөн жеке адамдарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бөлүгүн реформалоого карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссияга төмөнкүлөргө укук берилсин:
- министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке белгиленген тартипте тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга;
- министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистеринен, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартуу менен жумушчу топторду түзүүгө.
3. Ведомстволор аралык комиссия 2013-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө пенсиялык тутумдун айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана жеке ишмердик жүргүзгөн жеке адамдарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бөлүгүн реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин тийиштүү долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү белүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 535 буйругуна тиркеме |
Пенсиялык тутумдун айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана жеке ишмердик жүргүзгөн жеке адамдарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бөлүгүн реформалоого карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын терагасы; |
Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри; |
Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; |
Узакбаев Чынгысбек Макишевич | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри; |
Алымкулов Алиясбек Төлбашиевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Масалиев Исхак Абсаматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; |
Касиев Накен Касиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; |
Тойчубеков Юруслан Жуманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Шакирова Гулмира Абидиновна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы; |
Лященко Евгений Евгеньевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча); |
Абытов Алмазбек Ахунжанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча); |
Жолдошева Нурийла Кимсановна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Токтогулов Асылбек Токтогулович | - | Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Үчкемпирова Роза Мавлетовна | - | "Социум Консалт" консалтинг компаниясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Пономарев Сергей Викторович | Кыргызстан базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); | |
Раимжанов Фархад | - | "Легпром" Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканалары ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Күренкеев Айбек Суербекович | - | "Кыргызстан" мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Бусурманкулов Кадырбек Өкүмбекович | - | "Замандаш" Россия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ромашенко Наталья Иосифовна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча). |