Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 4-декабры № 550
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйыны Бишкек шаарында 2013-жылдын 9-14-декабрында өткөрүлсүн.
2. Аталган жыйынга катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы, анын ичинде тартылган адамдар тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүгө байланышкан чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек араны делимитациялоого жана демаркациялоого каралган каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 4-декабрындагы № 550 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын Бишкек шаарында 2013-жылдын 9-14-декабрында өтө турган кезектеги жыйынына катышуучу кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Искандаров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси; |
Катанаев А.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Момбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Ботобаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Кыдырмышев Т.Ж.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси; |
Камбаралиев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Жакыпов Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Мандычев Н.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги. |
Эскертүү (*) – тартылган адам.