Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2014-жылдын 15-сентябры № 384 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 3-декабры № 549
Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу маселелерин изилдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу маселелерин изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссияга төмөнкүлөргө укук берилсин:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке белгиленген тартипте тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга;
- министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартуу менен жумушчу топторду түзүүгө.
3. Ведомстволор аралык комиссия 2013-жылдын 25-декабрына чейинки мөөнөттө аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу маселелерин изилдеп чыксын жана жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна сунуш жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин тийиштүү долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 3-декабрындагы № 549 буйругуна тиркеме |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер - министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Абулгазиев Мухамметкапый Дүйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Суранчиев Абдулда Шергазиевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Алымкулов Алиясбек Төлбашиевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Курманова Айдай Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Байманова Зуура Эдуардовна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы; |
Жекшенов Бактыбек Жекшенович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы; |
Темиралиев Таалайбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы; |
Табалдиев Бусурманкул Беркутович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; |
Дүйшөнбиев Раимберди Сейдакматович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу; |
Жунусов Адамкул Орокеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Лященко Евгений Евгеньевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча); |
Абытов Алмазбек Ахунжанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы (макулдашуу боюнча); |
Мамыркулов Алик Бейшенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Жолдошева Нурийла Кимсановна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Токтогулов Асылбек Токтогулович | - | Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Үчкемпирова Роза Мавлетовна | - | "Социум Консалт" консалтинг компаниясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Ромашенко Наталья Иосифовна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча). |