Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 3-декабры № 548
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты андан ары өркүндөтүү максатында, ошондой эле билим берүү тутумун модернизациялоо, илим жана билим берүү чөйрөсүн жалпы маалыматташтыруу шарттарындагы эл аралык билим берүүнүн интеграция процесстерин эске алуу менен:
1. Жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны талдоону жүргүзсүн жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 3-декабрындагы № 548 буйругуна тиркеме |
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны талдоону жүргүзүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Муратов Абдиманнап Аттокурович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Мавлянов Абдырахман Субанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы; |
Ишекеев Назаркул | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Алдашев Алмаз Абдулхаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Бөрүбаев Алтай Асылканович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Токторалиев Биймырза Айтиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Закиров Адам | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Керезбеков Канат | - | Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору (макулдашуу боюнча). |