Загрузка документа…
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 442 буйругуна ылайык Күчүн Жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 17-декабры № 568
"Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып:
Ички аудит боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) жеке курамы бекитилсин:
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кеңештин төрагасы. |
Кеңештин мүчөлөрү: | ||
Абдуллаева Өктөмхан Авазовна | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору (макулдашуу боюнча); |
Молдоканов Шамшибек Имашович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Тойчубеков Юруслан Жуманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Шамшиев Чыңгыз Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); |
Өскөнбаева Гүлнара Тураровна | - | "Аудит плюс" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча); |
Оморова Замира Алымкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгынын ички аудит методологиясы бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин жооптуу катчысы. |
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |