Редакцияот 09.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2013-жылдын 9-сентябры № 498

Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө

Кыргыз Республикасында ички аудитти өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 10 жана 17-беренелерине, "Ички аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги Ички аудит боюнча кеңештин жеке курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев